Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-июну № 1
Кызыл-Токой айылындагы № 2300 шайлоо участкасынын жайгашуу ордун которуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жайгашкандыктан,азыркы учурда Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов Абдрахман атындагы айылдык маданият үйү реконструкциядан өтүп, шайлоо өткөрүүгө ынгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн, шайлоо участкасын мектептен маданият үйүнө которуу жөнүндөгү жоопту катчы Б.Анарбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жайгашкан № 2300 шайлоо участкасын Мырзагулов Абдрахман атындагы айылдык маданият үйүнө жайгаштыруу жөнүндөгү кайрылуу колдоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |