ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 1
“ Эко-Минералз ” ЖЧКоомунун Ынгырчак участогундагы глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
“ Эко-Минералз ” ЖЧКоомунун жетекчиси А.Алымовдун Кыргыз Республикасынын “ Жер казыналар” жөнүндөгү Мыйзамынын 7,34 беренелерине жана 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “ Эко -Минералз” ЖЧКоомунун 6481 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларга ылайык жер тилкесин, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынгырчак участкасындагы глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Эко -Минералз” ЖЧКоомунун 6481 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларга ылайык жер тилкесин, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынгырчак участкасындагы глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 36 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “ Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |