ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 2
“ Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө урксат берүү жөнүндө
“ Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун ишенимдүү өкүлү А.Алымовдун Кыргыз Республикасынын “ Жер казыналар” жөнүндөгү Мыйзамынын 7,34 беренелерине жана 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “ Ала-Бука Кенч” ЖЧКоомунун 5755 ТР Лицензиясында көрсөтүлгөн координаттык точкаларда көрсөтүлгөн жер тилкесин , Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Ала-Бука Кенч ” ЖЧКоомунун 5755 ТР Лицензиясында координаттык точкаларда көрсөтүлгөн жер тилкеси Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына тиешелүү участкадан глауконит песчаниги кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 33 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “ Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |