Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 3
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылынын тургундары: Джаркулов Кеңештин, Нуржан Эшенкулованын, Жаркулов Чолпонбайдын, Ибрагимова Розанын, Абдували кызы Бурулайдын, Рысбеков Кудайкулдун, Жанболотова Зарипанын, Сманова Сабиранын, Шырдаков Шералынын турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылынын тургундары: Джаркулов Кеңешке Ош шаарында жүрөгүн дарылатуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом, Нуржан Эшенкуловага 10 000 (он миң) сом, Жаркулов Чолпонбайга 10 000 (он миң) сом, Ибрагимова Роза инсульт оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынан дарылануу үчүн 10 000 (он миң) сом, 2- топтогу майып Абдували кызы Бурулайга 10 000 (он миң) сом, Рысбеков Кудайкулга 20 000 (жыйырма миң) сом, Жанболотова Зарипага 5000 (беш миң) сом, Сманова Сабирага Бишкек шаарына барып дарылануу үчүн 15 000 (он беш миң) сом, Шырдаков Шералыга 10 000 (он миң) сом турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу жалпысынан 130 000 (жүз отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |