Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 4
№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Р.Ташбаеванын имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |