Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 5
№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу киргизүү үчүн кошумча жумушка акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Р.Ташбаеванын имаратка суу киргизүү үчүн кошумча жумуштарды аткарууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу түтүкчөлөрүн киргизүү үчүн кошумча жумуштарды аткарууга 47500 (кырк жети миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |