Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 6
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Р.Ташбаеванын жана Терек-Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери П. Ташбалтаеванын Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө үчүн демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Терек-Сай аймактык ооруканасына 5000 (беш миң) сом, № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 5000 (беш миң) сом, айыл аймакта COVID-19 вирустук инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу, жайылышына жол бербөө, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна кам көрүү, ошондой эле өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда күнү-түнү кызмат кылган № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлерине кошумча акча ( компенсация) төлөө үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |