Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 7
Терек-Сай айыл аймагынын кызматкерлерине компенсация төлөп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругунун негизинде, КР аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында 2020-жылдын 22,28,29-март, 4,5,7,11,12-апрелдери иш күндөрү деп жарыялангандыгына байланыштуу ошол күнү иштеген кызматкерлерге жана Кызыл-Токой айылында кирип-чыгууну көзөмөлдөөчү постто күн -түн турган айыл аймактын кээ бир кызматкерлерине кошумча акча (компенсация) төлөп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругунун негизинде, КР аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында 2020-жылдын 22,28,29-март, 4,5,7,11,12-апрелдери иш күндөрү деп жарыялангандыгына байланыштуу ошол күндөрү иштеген айыл аймактын башчысы Б..Ашырбаевге жана жооптуу катчы Б.Анарбаевага, Кызыл-Токой айылында кирип-чыгууну көзөмөлдөөчү постто күн -түн турган Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.Осмоновго, айыл аймактын ветеринар адиси Гүлчоро уулу Баяманга кошумча акча (компенсация) төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 23 600 (жыйырма үч миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |