Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 8
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнө тепкич куруу жана жолду оңдоп түзөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн тургундарынын эски мазардын жанындагы көчөнү сел алып, жашоочуларга дөнсөөдөн чыгууга кыйынчылык жаратып жаткандыгына байланыштуу дөнсөөдөн чыгууга тепкич куруу жана жолду оңдоп-түзөө жөнүндөгү кайруусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн эски мазардын жанынан автоунаа өтүүчү жолду сел алып кеткендигине байланыштуу жолду тегиздөөгө жана дөнсөөдөн чыгуу үчүн тепкич куруу максатында курулуш материалдарын алып берүү үчүн 135 000 ( бир жүз отуз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |