Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 9
Горняк-2 көчөсүндөгү таза суунун электр энергиясына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин айыл аймакка караштуу Горняк-2 көчөсүндөгү таза суунун электр энергиясын төлөө жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүндөгү тургундар ичүүчү таза суунун электр энергиясын төлөө үчүн 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |