Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 11
Чаткал РЭСӨБнын Терек-Сай айыл аймагынын кызматкери Жуманалы кызы Самарага ноутбук жана принтер алып берүү жөнүндө
Чаткал РЭСӨБнын Терек-Сай айыл аймагынын кызматкери Жуманалы кызы Самаранын ноутбук жана принтер алып берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, , Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаткал РЭСӨБнын Терек-Сай айыл аймагынын кызматкери Жуманалы кызы Самарага иш кагаздарын электрондук түрдө жүргүзүү максатында ноутбук жана принтер алып берүү үчүн 30 000 (отуз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |