Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 12
Терек-Сай айыл аймагында ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн күйүүчү майга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылында ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, тургундардын өмүрүнүн коопсуздугунун алдын алуу максатында селканаларды тазалоо, суунун жээктерин бекемдөө, таштарды тазалоо, ички жолдорду тегиздөө үчүн күйүүчү майга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, тургундардын өмүрүнүн коопсуздугунун алдын алуу максатында селканаларды, сел кеткен каналдарды тазалоо, суунун жээктерин бекемдөө, таштарды тазалоо, ички жолдорду тегиздөө үчүн күйүүчү майга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |