Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 13
Наралы уулу Жоомарттын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жонүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну, 2-топтогу майып Наралы уулу Жоомарттын ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарына тез арада операция жасатуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну, 2-топтогу майып Наралы уулу Жоомарттын ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарында тез арада операция болуу үчүн жана турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |