Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 15
Терек-Сай айылындагы Кичи футбол аянтчасынын жана Фонтандын, ошондой эле Кызыл-Токой айылындагы Кичи футбол аянтчасынын курулуштарын аягына чыгарууга акча каражатын чечүү жөнүндө
Терек-Сай айылындагы Кичи футбол аянтчасынын жана Фонтандын, ошондой эле Кызыл-Токой айылындагы Кичи футбол аянтчасынын курулуштарын аягына чыгарууга акча каражатын чечүү жөнүндө КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы чачыранды алтын жууган компаниялар тарабынан курулуп жаткан обьектилердин курулуштарын аягына чыгаруу үчүн “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКнун 2020-жылга каралган соц.пакетинин эсебинен 3300,0 (үч миллион үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |