Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 16
Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына боз үй алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин айылдарда ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында боз үй алуу үчүн АРИС программасынан алынган өздүк салымга акча каражатын чечип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарына ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү максатында АРИС программасы аркылуу келген боз үйлөргө 25% өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 68 000 (алтымыш сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |