Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 5
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебинин көмүр сактоочу жайын кенейтүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Б. Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Р. Камчыбековдун мектептин көмүр сактоочу жайын кенейтүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебинин көмүр сактоочу жайын кенейтүү максатында 152 360 (бир жүз элүү эки мин үч жүз алтымыш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |