Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 6
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн тургуну, 1 топтогу майып, Афган согушунун ардагерине ден соолугуна байланыштуу коляска алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн жашоочусу, 1 топтогу майып, Афган согушунун ардагери, Алишер Өмүрзаковдун ден соолугуна байланыштуу коляска алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн жашоочусу, 1 топтогу майып, Афган согушунун ардагери, Алишер Өмүрзаковго ден соолугуна байланыштуу коляска алып берүүгө 12 500 (он эки мин беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жана социалдык жактан коргоо боюнча адис Т.Качикеевага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |