Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 11
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы көчөлөргө балдар ойноочу жай куруу үчүн АПУ алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы көчөлөргө(С.Мырзалиев, К.Турдалиев, Болуш, Горняк-2,Горняк-2, Ак-Терек, Ынтымак) балдар ойноочу аянтчаларын куруу максатында жерлерин тактоо менен АПУ алуу керектиги жөнүндө КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын көчөлөрүнө балдар ойноочу аянтчаларын куруу үчүн АПУ алууга 96 000 (токсон алты мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |