Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июлу № 1
Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Терек-Сай айыл аймагында COVID-19 инфекциясынын алдын алуу максатында керектүү медициналык каражаттарды алуу жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Терек-Сай айыл аймагында COVID-19 инфекциясынын алдын алуу максатында аймактык ооруканага жетишпей жаткан керектүү медициналык каражаттарды алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Терек-Сай айыл аймагында COVID-19 инфекциясынын алдын алуу максатында аймактык ооруканага жетишпей жаткан дарыларды (гепарин, клексан, лефовлаксацин) жана аймактагы 70 жаштан жогорку тургундарга медициналык каражаттарды (бет кап, антисептик, кол кап) алып берүү максатында 2020-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыктын эсебинен 150,0 миң (бир жүз элүү мин) сом акча каражаты накталай алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |