Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июлу № 2
Терек-Сай айыл аймагындагы ооруканаларга атайын дем алдыруучу аппарат алуу жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Терек-Сай айыл аймагында COVID-19 жугуштуу инфекциясынын алдын алуу, жайылышына жол бербөө, тургундардын ден соолугуна кам көрүү максатында Терек-Сай аймактык ооруканага жана Кызыл-Токой айылындагы ФАПка атайын дем алдыруучу аппарат алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында COVID-19 жугуштуу инфекциясынын алдын алуу, жайылышына жол бербөө, тургундардын ден соолугуна кам көрүү максатында Терек-Сай аймактык ооруканага жана Кызыл-Токой айылындагы ФАПка атайын дем алдыруучу аппарат алуу үчүн 2020-жылдын 1-январына карата иштетилбей калган калдыктын эсебинен 474,8 миң (төрт жүз жетимиш төрт мин сегиз жүз) сом акча каражаты накталай алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |