Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июлу № 3
2019-2020 - окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин 2019-2020—окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жадпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жогорку көрсөткүчтөгү баллдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкүдөй акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
Негизги тесттен алган баллдары үчүн:
- Максималдуу 240 баллга – 100 000 сом;
- 200 баллдан жогору - 50 000 сом;
- 180-200 баллга чейин - 20 000 сом;
- 150-180 баллга чейин - 10 000 сом;
- 130-150 баллга чейин - 5000 сом;
- 110-130 баллга чейин - 2000 сом;
Ар бир кошумча предметтерден алган баллдары үчүн:
- 150 балл алгангча чейин - 10 000 сом;
- 100 баллдан ашкандарга - 5000 сом;
- 80-100 баллга чейинкилер - 3000 сом;
- 70-80 баллга чейинкилер - 3000 сом;
- 60-80 баллга чейинкилер - 1000 сом;
2. 2019-2020-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо максатында 229,0 миң (эки жүз жыйырма тогуз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |