Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 1
Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору О.Исаковдун мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын чечип берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 9 млн (тогуз миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |