Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 3
Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы коомдук мончолорго проект даярдоого жана АПУ, ИТУ алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын аймакка караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарында жайгашкан коомдук мончолорго АПУ жана ИТУ алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарында жайгашкан коомдук мончолорго проект даярдоого жана АПУ, ИТУ алуу үчүн 518 700 ( беш жүз он сегиз миң жети жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |