Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 4
Суу жээктерин бекемдөө үчүн курулуш материалдарын алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Кызыл-Токой айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жергиликтүү тургундардын үйүнө кооптуулук жараткандыгына байланыштуу суу жээктерин бекемдөө үчүн курулуш материалдарды алуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында катуу жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, жергиликтүү тургундардын үйүнө кооптуулук жараткандыгына байланыштуу суу жээктерин бекемдөө максатында курулуш материалдарын алуу үчүн 75 000 (жетимин беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |