Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 5
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарынын тургундары: Наумов Сергейдин, Маалимбү Мамасадыкованын, Джунусов Курманбектин, Мамбеткулова Кулипанын турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарынын тургундары: Наумов Сергейге 50 000 (элүү миң) сом, Маалимбү Мамасадыковага 20 000 (жыйырма миң) сом, Джунусов Курманбекке 20 000 (жыйырма миң) сом, Мамбеткулова Кулипанын көзүнө операция жасатуу үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаттары турмуш шарттарына жана ден соолуктарына байланыштуу жалпысынан 115 000 (жүз он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |