Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 7
Кызыл-Токой айылындагы трансформаторду ондоп-түзөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Ынтымак көчөсүнүн тургундарынын көчөсүндөгү трансформатору күйүп кеткендигине байланыштуу ремонттон өткөрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Ынтымак көчөсүндөгү трансформатор күйүп кеткендигине байланыштуу ремонттон өткөрүү үчүн 28 400 (жыйырма сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |