Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 9
Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулуп жаткан ФАПты айыл өкмөттүн балансына кабыл алуу жөнүндө
“ Кызыл-Токой Ынтымагы” фондунун башчысы М.Каиповдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулуп бүткөн ФАПты айыл өкмөттүн балансына белек катары өткөрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулуп бүткөн ФАПты жергиликтүү тургундарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү максатында “Кызыл-Токой ынтымагы”фондуна белек катары Терек-Сай айыл аймагынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл аймакка жүктөлсүн .
2. Кызыл-Токой айылындагы ФАПты айыл өкмөттүн балансына кабыл алуу үчүн комиссиянын курамын түзүү Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |