Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 1
“Алтын Май” ЖЧКоомунун “Сарайсай” участкасындагы чачыранды алтын кенин 2020-жылдан кайра иштетүү жөнүндө
“Алтын-Май” ЖЧКоомунун аткаруучу директору Д.А.Иманбековдун “Сарайсай” участкасындагы чачыранды алтын кенин кайрадан иштетүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алтын-Май” ЖЧКоомуна Терек-Сай айыл аймагындагы “Сарайсай” участкасына 1747 АЕ Лицензиясынын негизинде пайдаланылган жердеги чачыранды алтын кенин кайрадан иштетүүгө токойлор кыйылган жерге чейин гана уруксат берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |