Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 2
“ Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун алтын өндүрүүчү фабрикага кен-руда ташылуучу жолдун долбооруна өзгөртүү киргизүүгө жана кошумча жео аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
“ Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун мүдүрү Вели Гёкдердин “Перевальное”, “Тереккан”, жана “Терек” кен участкаларынан чыккан кен- рудаларын жаңы заманбап алтын өндүрүүчү фабрикага ташуу максатында курулуп жаткан технологиялык жолдун белгиленген координаттарына ылайык жана жергиликтүү тургундардын сунушун эске алуу менен долбоорду өзгөртүү менен кошумча жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун “Перевальное” , “Тереккан” жана “Терек” кен участкаларынан чыккан кен- рудаларын жаңы заманбап алтын өндүрүүчү фабрикага ташуу максатында курулуп жаткан жаны технологиялык жолду куруу үчүн убактылуу пайдалануга берилген жер аянтына, өзгөртүлгөн долбоордун негизинде (жергиликтүү элдин сунушун эске алуу менен) кошумча 6,9 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. “ Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, жолду долбоорлоо, куруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча техникалык регламенттерге, курулуш нормаларына ылайык жана эрежелерин сактоо жагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомуна жүктөлсүн.
3. Курулуп жаткан технологиялык жолдун белгиленген координаттарына ылайык жана жергиликтүү тургундардын сунушун эске алуу менен жаны технологиялык жолду долбоорлоого жана курууга убактылуу пайдаланууга берилген жер аянтына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик каттоо” бөлүмүнөн жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |