Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 3
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын эксковатор техникасына керектүү тетик (рама) алып берүү жөнүндө
“Терек-Сай Тазалык ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун ишкананын балансында турган эксковатор техникасынын тетиги (рамасы) сынып калгандыгына байланыштуу, жаңы рама орнотуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай Тазалык” мунииципалдык ишканасынын балансында турган эксковатор техникасынын тетиги (рамасы) сынып калгандыгына байланыштуу жаңы рама орнотуу үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |