Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 4
А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын реконструкциядан өткөрүү жөнүндө
А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Турдалиеванын 2020-2021-окуу жылында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жылытуу системасын кайрадан реконструкциялоо жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин 2020-2021-окуу жылына күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн мектептин жылуулук системасын кайрадан реконструкциядан өткөрүү үчүн 262790 (эки жүз алтымыш эки миң жети жүз токсон миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |