Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 5
2020-2021-окуу жылына карата жалпы билим берүү мекемелерине керектүү медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндө
А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Турдалиеванын 2020-2021-окуу жылына даярдык көрүүдө өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окуучулардын коопсуздугун сактоо, санитардык-гигиеаналык талаптарды аткаруу максатында керектүү медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүү уюмдарына окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу , санитардык гигиеналык талаптарды аткаруу максатында керектүү медициналык каражаттарды алып берүү үчүн 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |