Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 6
Терек-Сай айылынын тургуну Назира Абасованын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургуну Назира Абасованын ден соолугуна байланыштуу көзүнө операция жасатуу үчүн материалдык жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургуну Назира Абасованын ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарына барып операция жасатуу үчүн 20 000 ( жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |