Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 7
“Эл кат” ЖЧКоомуна интернет байланышы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо консепциясынын алкагында “ Санарип аймак” маалыматтык тутумунун, Терек-Сай айыл аймагында “Е-Kyzmat” бирдиктүү маалымат базасын жүргүзүү жана “ Инфодокс” иш кагаздарды электрондук негизде жүргүзүү үчүн интернет ылдамдыгын үзгүлтүккө учуратпоо максатында “ Эл кат” ЖЧКоому менен түзүлгөндөн келишимдин негизинде интернет байланышын тартуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо консепциясынын алкагында “ Санарип аймак” маалыматтык тутумунун, Терек-Сай айыл аймагында “Е-Kyzmat” бирдиктүү маалымат базасын жүргүзүү жана “ Инфодокс” иш кагаздарды электрондук негизде жүргүзүү үчүн интернет ылдамдыгын үзгүлтүккө учуратпоо максатында “ Эл кат” ЖЧКоому менен түзүлгөн келишимдин негизинде интернет байланышы үчүн 136 000 ( бир жүз отуз алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |