Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 8
Ала-Бука-Чаткал автоунаа жолунун 31,5-36,5 км чакырымдагы жолго асфальт төшөө үчүн долбоор даярдоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Чаткал-Ала-Бука автоунаа жолунун 31,5-36,5 км чакырымдагы жолду асфальт төшөө үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин балансынан Терек-Сай айыл аймагына убактылуу өткөрүп, долбоор түзүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Чаткал-Ала-Бука автоунаа жолунун 31,5-36,5 км чакырымдагы жолду асфальт төшөө үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин балансынан Терек-Сай айыл аймагына убактылуу өткөрүп, долбоор түзүүгө 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |