Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 14
№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш дарылоочу бөлмөсүнө медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш доктуру Жамалов Эрболоттун тиш дарылоочу медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш дарылоочу бөлмөсүнө керектүү медициналык каражаттарды сатып алуу үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |