Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 8
Горняк-1 көчөсүнүн тургундарына чон суудан суу алып чыгуу үчүн кооптуу жерлерине тепкич куруп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургундарынын айылдагы чоң сууга түшө турган 4 кооптуу жерге тепкич куруу максатында керектүү курулуш материалдарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңещинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургундарынын айылдагы чоң сууга түшө турган кооптуу жерлерге тепкич куруу максатында керектүү курулуш материалдарды алып берүү үчүн үчүн 40 000 ( кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |