Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 1
“Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин аягына чыккандыгына байланыштуу акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулуш иштери аягына чыккандыгына байланыштуу акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулуш иштери аягына чыккандыгына байланыштуу 2 917 495 (эки миллион тогуз жүз он жети миң төрт жуз токсон беш) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |