Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 2
Кызыл-Токой айылындагы кичи футбол талаасынын кошумча жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Суванованын Кызыл-Токой айылындагы кичи футбол талаасынын кошумча жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы кичи футбол талаасынын кошумча жумуштарына 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун 2020-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |