Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 3
Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы кичи футбол талааларынын ачылуу аземине карата акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы курулуп бүткөн кичи футбол талааларын колдонууга берүү максатында ачылуу аземин өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарындагы курулуп бүткөн кичи футбол талааларын колдонууга берүү максатында ачылуу аземин өткөрүү үчүн 52 000 ( элүү эки миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |