Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 4
Терек-Сай айыл аймагында жашаган жакыр үй-бүлөлөргө көмүр алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарында жашаган жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында көмүр алып берүү жөнүндөгү сунуш-пикирин угуп, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарында жашаган жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 61 тургунга көмүр алып берүү үчүн 154 000 (бир жүз элүү төрт миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |