Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 6
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу тарабынан ишке ашырылуучу “Кызматтарды жакшыртуу аракет планы” КЖАП долбоорун ишке ашыруу жөнүндө.”
Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып, ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында биргеликте иш алып баруу максатында Терек-Сай айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу тарабынан ишке ашырылуучу “Кызматтарды жакшыртуу аракет планы” КЖАП долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу боюнча жооптуу кызматкер А.А. Жантаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу тарабынан ишке ашырылуучу “Кызматтарды жакшыртуу аракет планы” КЖАП долбооруна Терек-Сай айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жыйында көпчүлүк добуш менен приоритеттүү деп табылган көйгөй “Терек-Сай айылында компьютердик кызмат көрсөтүү бурчун жана маалымат борборун уюштуруу” боюнча 200 000 сом грант суралып жана долбоор даярдалып кароого сунушталсын.
2. Долбоорду толук кандуу ишке ашыруу үчүн жана долбоорду тандоо критерийине ылайык Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты 20% өздүк салым эсебине бөлүнүп берилсин.
3. Өздүк салымдын акча каражатын бөлуп берүү жагы ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо жана финансы – бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |