Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 7
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун 2020-жылга ишкананын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджети 2020-жылга 1 800,0 миң сомго бекитилип, бирок Терек-Сай айыл өкмөтүнөн кырдаалга байланыштуу күтүүсүздөн пайда болгон жумуштарды аткаруууга туура келгендиктен, “Терек-
2. Сай Тазалык” мунииципалдык ишканасына кошумча кызматтар үчүн акча каражаттары которулгандыгына байланыштуу киреше бөлүгү 3 600,0 мин сомго өзгөртүлүп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |