Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 8
Кызыл-Токой айылынын мектеп окуучуларын ташыган “Спринтер” автоунаасын техникалык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташыган “Спринтер” автоунаасын техникалык кароодон өткөрүү зарылчылыгына байланыштуу акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташыган “Спринтер” автоунаасын техникалык кароодон өткөрүү үчүн 2000 (эки миң) сом акча каражаты “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |