Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 9
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдарга күз-кыш мезгилине карата генератор алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Т.Суванованын күз-кыш мезгилине карата мекеме уюмдарга генератор алып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдарга күз-кыш мезгилине карата 3 даана генератор алып берүү үчүн 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
5.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |