Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 10
Баткен облусунун Лейлек районунда өтүүчү EFC Global -8 турнирине катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын башчысы Д.Нарматовдун 2020-жылдын 10-декабрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунда өтүүчү EFC Global -8 турнирине катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөп берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 10-декабрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунда өтүүчү EFC Global -8 турнирине катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөп берүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |