Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 12
Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан ФАПтын жана стадиондун жанынан канал казуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын башчысы Д.Нарматовдун айылдагы Агартуу көчөсүндө жаңы курулуп жаткан ФАПтын жана стадиондун жанынан жамгыр жааган мезгилдерде сел кетип, жолду бууп жаткандыгына байланыштуу 40-50 метр аралыкта канал казуу зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүндө жаңы курулуп жаткан ФАПтын жана стадиондун жанынан сел кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 40-50 метр аралыкта канал казуу үчүн 18 000 (он сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |