Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 14
Терек-Сай айыл аймагында 2020-жылдын аягына карата малдарды жана үй канаттууларды саноого катышкан мал санакчылардын айлык акыларын чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти А.Жантаеванын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 148 сандуу буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы 2020-жылдын жыйынтыгы менен мал санак жана эл каттоого катышкан санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 148 сандуу буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен мал санак жана эл каттоого катышкан санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү үчүн 70 000 ( жетимиш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |