Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 15
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндөгү коомдук мончого трансформатор алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан коомдук мончого КТП-160 үлгүдөгү трансформатор алып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан коомдук мончого КТП-160 үлгүдөгү трансформатор алып берүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |