Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 16
Терек-Сай айылынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурдун Ак-Терек жана Терек-Сай каттамдары үчүн 2019-жылдагы элдерди ташыган рейстери үчүн айлык маянасын төлөп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурдун окуучуларды жана элдерди ташуу үчүн Терек-Сай жана Ак-Терек каттамдары боюнча 2019-жылдагы рейстерди жасаганына байланыштуу айлык маянасын чыгарып берүүсүн сурануу менен жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургуну Рыскулбек уулу Бектурга Ак-Терек жана Терек-Сай каттамдары үчүн 2019-жыл ичинде жасаган рейстерине жараша айлык маянасы үчүн 120 000 (бир жүз жыйырма мин ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Ажакматов И.К. |